“Салым Финанс” микрофинансылык компаниясы (мындан ары Компания) «Кредитные системы» микрокредиттик компаниясынын укук мураскери, бул компания адистештирилген насыя берүүчү мекеме жана эӊ негизги ишмердүүлүгү микрофинансылоо. Компания Кыргызстандын активдүү жана динамикалуу өнүгүп жаткан микрофинансылык компаниялардын тизмегине кирип, жылсайын финансы көрсөткүчтөрү стабилдүү өсүптурат.

Башка уюмдарда катышуу
Компания 2008 жылдан баштап Чакан Каржылоо Уюмдардын Ассоциациясынын жана «Ишеним» Кредиттик-Маалымат Бюросунун мүчөсү.

Директорлор Кеңеши
Директорлор Кеңешинин төрагасы – Кыдырмаев Бакытбек Ишенбекович, бизнесмен, «Дордой» соода комплексинин дүң соода кылуучу соодагерлеринин өкүлү, аталган комплекстин профсоюзунун мүчөсү.
Директорлор Кеңешинин мүчөсү — Сыдыков Айжигит Камчыбекович, көз карандысыз эксперт.
Директорлор Кеңешинин мүчөсү —  Конокбаев Самат Сурабалдиевич, көз карандысыз эксперт.
Директорлор Кеңешинин мүчөсү — Конушбаева Арууке Тынчтыкбековна, жеке ишкер.

Компаниянын Башкармалыгы
Башкармалыгынын төрагасы — Кулов Мирлан, банк чөйрөсүндөгү тажрыйбасы 21 жыл.
Башкармалыгынын мүчөсү — Ибраев Исабек, микрокредиттөө чөйрөсүндөгү тажрыйбасы 7 жыл.
Башкармалыгынын мүчөсү  Исмаилова Гульзат, микрофинансы чөйрөсүндөгү тажрыйбасы 18 жыл.

Ребрендинг
Компания жаӊы түзүлгөндө «Кредиттердин системасы» деп аталчу, кийин 2011- жылдын март айында Компания атын “Салым Финанс” деп өзгөрткөн, «салым» деген сөз жакшы ишке багытталган иш аракетти билдирет. Аты улуттук символ болуп, компаниянын коомдун жыргалчылыгына өзүнүн каражаттарын жумшоого умтулуусун билдирет.