12.03.2019

Кыргызстандын микрофинансылык уюмдарынын ассоциациясы компаниянын кызматкерлерине микрофинансылоо чөйрөсүнө кошкон салымы үчүн сыйлыктарды тапшырды. Башкармалыктын төрагасы Кулов Мирлан Темирланович “Микрофинансылоонун мыктысы” ардактуу наамына татыса, кызматкерлер Булгар Асель жана Асыранбекова Жылдыз ыраазычылык каттарын алышты. Кызматкерлерди чын дилден куттуктайбыз жана мындан аркы чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!