2017-жылдын 5-ноябрында «Салым Финанс» микрофинансылык компаниясына 10 жыл толду!

Бул жылдары Компания тарабынан 3 346 067 281 сом суммасында 34 000ден ашуун кредит берилип, активдер 26 эсеге өстү.Ушул майрамдын урматына Компания өзүнүн кардарлары үчүн белектерди даярдаган – 60тай кардар жеңилдетилген 10%дык кредиттин сертификаттарын жана ден соолугун чыңдоочу жолдомолорду алышты. Ошондой эле кызматкерлердин 18%ы жогорудагыдай 10%дык негизде, анын ичинде 10 жылдык ипотекалык кредиттерди алышты.