“Салым Финанс” микрофинансылык компаниясы (мындан ары Компания) «Кредитные системы» микрокредиттик компаниясынын укук мураскери, бул компания адистештирилген насыя берүүчү мекеме жана эӊ негизги ишмердүүлүгү микрофинансылоо.

Компания Кыргызстандын активдүү жана динамикалуу өнүгүп жаткан микрофинансылык компаниялардын тизмегине кирип, жылсайын финансы көрсөткүчтөрү стабилдүү өсүптурат.

Миссия жана баалуулуктар.

Биздин миссиябыз – замандаштарыбызга пайда жана өнүгүү алыпкелген финансы шарттарын түзүү.

Баалуулуктар

Биз үчүн ийгилик — бул биз менен кызматташуу аркылуу, өз иштерин жана жашоо шарттарын жакшыртып жана өнүктүрүп жаткан кардарлардын кубанычы.

Биз кардарларга мамиле курууда, аларга кыйынчылыгы жок кредит алууга жана аны төлөөгө умтулабыз.

Социалдык багыт

Компания өзүнүн ишмердүүлүгүндө коомдун социалдык маселелерин чечет, мисалы:

  •  Кардарлардын базасы киреше деңгээли төмөн жана иштерин жана жашоо шарттарын жакшыртууга умтулган жеке кишилерден турат.
  •  Кардарлардын жайгашкан географиясы-айыл жергеси, шаардын тегерегиндеги жаӊы конуштар.
  •  Кардарлардын көбүн аялдар түзөт.
  •  Пайыздык үстөктөр МФКдын орто рыноктук ченинен төмөн.

Компания алкоголдук ичимдиктердин өндүрүшүн, курал-жарактарды сатууну жана оюн-зоок бизнесин каржылабайт.

Башка уюмдарда катышуу

Компания 2008 жылдан баштап Чакан Каржылоо Уюмдардын Ассоциациясынын жана «Ишеним» Кредиттик-Маалымат Бюросунун мүчөсү.

Кардарлар жана алардын филиалдар аркылуу тейлениши

Тогуз офис иштейт(Бишкек, Сокулук, Карабалта, Кант, Каракол, Токмок, Беловодск а., Боконбаев а. жана Кызыл-Суу), алар төмөнкү шаарлардын тургундарын тейлет:

Директорлор Кеңеши

Директорлор Кеңешинин төрагасы – Кыдырмаев Бакытбек Ишенбекович, бизнесмен, «Дордой» соода комплексинин дүң соода кылуучу соодагерлеринин өкүлү, аталган комплекстин профсоюзунун мүчөсү.

Директорлор Кеңешинин мүчөсү — Джаманкулов Нуритдин Сманович, көз карандысыз эксперт.

Директорлор Кеңешинин мүчөсү —  Конокбаев Самат Сурабалдиевич, көз карандысыз эксперт.

Директорлор Кеңешинин мүчөсү — Конушбаева Арууке Тынчтыкбековна, коммерциялык банктын кызматкери.

Директорлор Кеңешинин мүчөсү — Токтоболотов Азамат

Компаниянын Башкармалыгы

Башкармалыгынын төрагасы — Кулов Мирлан, банк чөйрөсүндөгү тажрыйбасы 21 жыл.

Башкармалыгынын мүчөсү — Джумалиева Роза, микрокредиттөө чөйрөсүндөгү тажрыйбасы 3 жыл.

Башкармалыгынын мүчөсү Жумакадыров Уран,банк чөйрөсүндөгү тажрыйбасы 17 жыл.

Ребрендинг

Компания жаӊы түзүлгөндө «Кредиттердин системасы» деп аталчу, кийин 2011- жылдын март айында Компания атын “Салым Финанс” деп өзгөрткөн, «салым» деген сөз жакшы ишке багытталган иш аракетти билдирет. Аты улуттук символ болуп, компаниянын коомдун жыргалчылыгына өзүнүн каражаттарын жумшоого умтулуусун билдирет.